Нарын облусуна жумушчу сапардын алкагында президент Алмазбек Атамбаев 8-сентябрда Нарын шаарында көп батирлүү үй курулчу жерге капсула салуу аземине катышат. Бул үй Мамлекеттик ипотекалык компания тарабынан ишке ашырылып жаткан «Арзан турак жай» программасынын алкагында курулмакчы. Мамлекет башчы мындан тышкары Нарын облусунун активи жана коомчулугу менен да жолугушат.
Президент Алмазбек Атамбаев ошондой эле Кочкор районундагы Чекилдек айылында жаңы мектептин ачылыш аземине катышып, Кочкор жана Жумгал райондорунун тургундары менен баарлашат. Бул тууралуу президенттик аппараттын маалыматтык саясат бөлүмү маалымдады.
Мамлекет башчы өткөн жумада Ош облусуна барып, Өзгөндөгү жана Алайдагы табигый кырсыктан жабыркагандар менен жолугушкан. (ZKo)