Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Апрель, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 01:54

Жапония Орусияны Пхеньянга катаал санкция киргизүүгө ынандыра алган жок


Синдзо Абэ жана Владимир Путин. Владивосток, 7-сентябрь, 2017-жыл.
Синдзо Абэ жана Владимир Путин. Владивосток, 7-сентябрь, 2017-жыл.

Орусия Түндүк Кореяга каршы катаал санкцияга көнгөнүнүн белгилери орус жана жапон лидерлеринин бүгүнкү жолугушуусунан кийин да байкалган жок.

Владивостокто орус президенти Владимир Путин менен эки тараптуу сүйлөшүүдөн соң жапон премьери Синдзо Абэ буларды айтты:

- Президент Путин менен бүгүнкү жолугушууда Түндүк Корея боюнча терең пикир алыштык. Бул токтоосуз реакцияны талап кылган олуттуу проблема. Түндүк Корея өткөргөн өзөктүк сыноолор Корей жарым аралы менен аймактагы тынчтыкка жана коопсуздукка олуттуу коркунуч.

Ал жердеги сүйлөшүүлөрдө Орусияны Түндүк Кореяга каршы катаал санкцияларды колдоого Түштүк Корея президенти Мун Чжэ Ин да чакырган. Бирок орус президенти Путин санкциялардан, Пхеньянды “бурчка такоодон” майнап чыкпасын, кырдаалды саясий жол менен жөнгөрүү зарылдыгын билдирүүдө.

БУУнун Коопсуздук кеңешине долбоорун АКШ киргизген санкцияга ылайык, Түндүк Кореянын четке мунай, текстиль жана жумушчуларды экспорттоосуна жана башка киреше булактарына бөгөт коюлушу керек. Пхеньянга каршы мындай жаза анын ушул дем алыш күндөрдөгү өзөктүк сыноосуна жооп чара катары сунушталууда.

Санкция долбоорунда Түндүк Кореянын улуттук Air Koryo авиакомпаниясынын активдерин тоңдуруу да каралган. Бул авиакомпания Кытайдын борбор Бээжин баш болгон бир катар шаарларына, Орусиянын Владивостогуна учат.

Москва менен Бээжин да Түндүк Кореянын акыркы өзөктүк сыноосун айыпташты. Кытай катаал санкцияларды колдоор-колдобосу азырынча анык эмес.

XS
SM
MD
LG