Украин президенти Петро Порошенко бул тууралуу 7-сентябрда парламентке жасаган жылдык кайрылуусу учурунда билдирди. Анын айтымында, БУУнун мандаты алдында сунушталып жаткан миссиянын максаты “Орусиянын оккупациясын” эмес, Украина чыгышында тынчтыкты бекемдөө болушу керек.
ЕККУнун Украина чыгышындагы байкоочуларын коргоо үчүн жеңил куралданган бейпилдик күчтөрүн жайгаштырууну эки күн мурда орус президенти Владимир Путин сунуш кылган эле.
Москванын буга чейинки ишараларына караганда, бейпилдик күчтөрү Украинанын өкмөттүк аскерлери менен Орусия колдогон жикчилдерди бөлүп турган майдан тилкесин көзөмөлдөшү керек.
Порошенко өз тарабынан Путиндин сунушун “таң калычтуу” деп атап, Украина БУУда кандай сунуш болбосун талкуулоого даяр экенин белгиледи.
Украина президенти ошондой эле бейпилдик күчтөрү бүткүл жаңжалдуу аймакты, анын ичинде Орусия менен жикчилдер көзөмөлдөгөн Донецк жана Луганс облустарынын чек арасын да көзөмөлдөөсү зарылдыгын билдирүүдө. Киев бул чек ара Орусиядан аскер жана курал киргизүү үчүн колдонулат деп эсептейт.
Украина чыгышында 2014-жылдын апрелинен берки куралдуу жаңжалдан азыркыга чейин 10 миңден ашуун адамдын өмүрү кыйылган. (UE)