Бул тууралуу Кызыл Чырым комитети билдирүүдө. Алардын эсебинде, Ирма ураганы алып келген талкалануулардан, электр кубатынын, башка турмуш-тиричилик кызматтарынын үзгүлтүккө учурашынан 1,2 миллион адам зыян тартты.
Кызыл Чырымдын өкүлдөрүнүн айтымында, маселен Барбуда деген аралда имараттардын баары бузулду же кыйрады.
Ал эми АКШнын Пуэрто Рико аймагында бир миллиондой киши электр жарыгысыз калган.
Ирма ураганы Кариб деңизинин башка дагы алты-жети аралына талкаланууларды алып келди.
Аларда кеминде тогуз адамдын өмүрү кыйылган.
Синоптиктер ураган бүгүн Доминикан республикасы жана Гаити менен Багам аралдарынан өтүп, 8-сентябрдын кечинде Кубага жакындарын күтүшүүдө.
Ал эми АКШда бийликтер Ирма урганына “кыйратуучу потенциалы” бар деп, америкалык классификация боюнча эң жогорку -бешинчи категорияны ыйгарышууда.
Антлантика океанынан кубаты саатына 295 чакырым ылдамдыктагы бороон Флорида штатына , анын ичинде Маями аймагына 10-сентябрда жеткени турат.
Өткөн аптада эле АКШнын Техас штатынын бөлүктөрүнө Харви ураганы сокку уруп, АКШ Конгресси кечээ анын кесепеттерин жоюуга 7,9 миллиард доллар ажыратты. (UE)