Анда "Центерра Голд" компаниясына таандык акциялардын кошумча эмиссиялары боюнча маселе көтөрүлөт. Фракция катчылыгынан "Азаттык" радиосуна маалымдашкандай, кошумча эмиссиялар "Кумтөр" долбоорунда Кыргызстандын үлүшү азаюусуна алып келген.
Фракциянын бүгүнкү жыйынында 1-вице-премьер-министр Толкунбек Абдыгулов, Мамлекеттик мүлк фондунун төрагасы Болсунбек Казаков жана «Кыргызалтын» ишканасынын башкармалык төрагасы Алмаз Алимбеков маалымат беришет.
Кумтөр алтын кенин иштеткен "Центерра Голд" компаниясындагы Кыргызстандын үлүшү кыскарышына канадалык компаниянын Түндүк Америкадагы жаңы кенди сатып алганы себеп болгон.
Жаңы операциядан соң Кыргызстандын "Центеррадагы" үлүшү 32 пайыздан 26,6 пайызга чейин төмөндөдү.
"Республика - Ата Журт" фракциясы мындан тышкары 3-сентябрда Кара-Суу шаар кеңешине болгон шайлоо учурундагы окуялар тууралуу БШКнын жана Башкы прокуратуранын маалыматын угушат.(ZKo)