Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Апрель, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 14:11

Гроздь айылында жаңы көрүстөн ачылат


Бишкектин түштүк-батышындагы Чоң-Арык айылындагы көрүстөн толуп калганына байланыштуу Аламүдүн районунун Гроздь айылына жаңы шаардык мүрзө ачуу чечилген.

Мэриянын маалыматы боюнча жаңы ачыла турган көрүстөндүн аянты 44 гектар. Буга чейин ага барчу жол оңдолгон. Мындан тышкары автоунаа токтоочу жай, маркумдарды эскерүүгө барган жакындары үчүн ички жолдор салынган.

300 гектарлык Чоң-Арык көрүстөнү 1973-жылы ачылган

Айрым маалыматтарда Бишкекте өлүк коюуга берилчү жердин баасы 1000 сомдон 40 миң сомго чейин жеткени айтылат. Баш калаанын айланасында беш көрүстөн бар. (ZKo)

XS
SM
MD
LG