Линктер

дүйшөмбү, 20-ноябрь, 2017 Бишкек убактысы 14:02

Бишкекте майып жарандардын укугун коргоо маселесине арналган жүрүш башталды. "Мени ук!" деген аталыш менен уюштурулган акцияга 100дөн ашуун майып жаран чыкты.

Алар Түштүк магистралдын Тынчтык проспектинен Абдрахманов көчөсүнө чейинки аралыгын басып өтүп, коомчулуктун көңүлүн бурдуруу максатын көздөгөнүн айтып жатышат.

Акциянын катышуучулары Бириккен Улуттар Уюмунун майып жарандардын укугу тууралуу конвенциясын ратификациялоону талап кылууда.

Бул конвенцияга кошулуу боюнча документке Кыргызстан 2011-жылы кол койгон, бирок аталган эл аралык документ азыркыга чейин ратификациялана элек. (RK)

XS
SM
MD
LG