Коомдук ишмер Азимбек Бекназаров УКМК ага карата козгогон кылмыш ишти президенттик шайлоо алдында жасалган атайын аракет деп эсептейт. Бул тууралуу ал бүгүн Бишкекте өткөн пресс-конференцияда айтты:
- Корко турган эч нерсем жок, абийирим таза. Менин көрсөтмөм сотто баары бир эске алынган жок. Аны ошол бойдон дагы кайталап бере алам. Кылмыш ишти шайлоо алдында козгошту. Анткени биз түзгөн “Улуттук мекенчил күчтөрдүн биримдиги” Атамбаевге каршы сөздөрдү айтууда жана анын мага жеке таарынычы бар, себеби Отунбаеванын ордуна Убактылуу өкмөттүн төрагасы болбой калган.
Бекназаров президенттикке талапкер болуп 2-сентябрда расмий катталган. Жакында “Ата Мекен” партиясынын лидери Өмүрбек Текебаевдин сотунда күбө катары көрсөтмө берип жатып анын "Мегакомго" эч тиешеси жок деп айткан.
Бирок кийин интернетте Бекназаров менен “Ата Журт” партиясынын лидери Камчыбек Ташиевдин сүйлөшүүсү деген аудиотасма тарап, аныкына окшош үн: “Сөөгүн агарткыча калп айттым. Ар калпты айткан сайын "Кудай өзүң кечир" деп жаттым” деп сүйлөгөн.
Көп өтпөй comment.kg порталынын журналисти Раушан Айткулова интернетке видео тасма чыгарган. Анда сөздөрүн видеокамера жазып жатканын этибар албаган деген Азимбек Бекназаров биринчи тараган чуулгандуу аудиодогу сөздөрдү кайра: "Сотто жыгылып жаткан кишини колдоюн деп калп айттым. Калп айткан сайын “Кудай өзү кечирсин” дедим деп балдарга да айтып бердим" деп кайталаган.
Бекназаров да, Ташиев да бул тасмалар монтаж экенин экенин айтышкан.
УКМК ал монтаж эмес экенин Алматыда жасалган атайын экспертиза далилдегенин жүйө келтирип, бир нече күн мурда Бекназаровго кылмыш иш козгогон.
Бишкектин Биринчи Май райондук Соту Текебаевди орус жаранынан "Мегаком" уюлдук компаниясына байланыштуу 1 миллион доллар пара алган деп өткөн айда сегиз жылга кесүү тууралуу өкүм чыгарган.Текебаев ага козголгон кылмыш ишти саясий куугунтук деп атап келет.
Президенттик шайлоо 15-октябрда өтөт.
Бекназаровдун президент Алмазбек Атамбаев тууралуу бүгүнкү айткандары боюнча анын маалымат кызматы азырынча комментарий бере элек. (RK)