Кыргыз-өзбек чек арасындагы “Достук” өткөрмө бекети аркылуу соңку бир сутка ичинде эки тарапка 2,5 миңдей адам өттү. Бул тууралуу бүгүн “Азаттык” радиосуна бекеттин башчысы Бахтияр Эсенгелдиев билдирди. Анын айтымында, буга чейин бул бекет аркылуу өткөндөрдүн саны 1,5 миңдин тегерегинде болчу.
Кыргызстандын Ош жана Өзбекстандын Анжиян облустарынын чектешкен аймагындагы мамлекеттик чек ара тилкесинде жайгашкан "Достук" бекети аркылуу өтүү эки өлкөнүн жарандары үчүн Кыргызстандагы 2010-жылдагы саясий окуялардан кийин татаалдаган. Чек арадан өтүүнү каалаган кыргыз жарандарына Өзбекстандан атайын телеграмма талап кылынчу. Башка өлкөлөрдүн жарандарына чектөө киргизилген эмес.
5-сентябрда өзбек президенти Шавкат Мирзиёев Бишкекке эки күндүк мамлекеттик сапар менен келип, чек ара боюнча өткөөл келишимге кол коюлган.
6-сентябрда "Достуктагы" чектөөнүн алынышы салтанаттуу белгиленген.
Жалпысынан эки өлкө ортосунда 15 чек ара бекети бар. Анын 11и автоунаа, 4 темир жол. Бүгүнкү күндө автоунаа бекеттеринин төртөө гана ачык. (YI)