Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:06

Прокурор Салянованы ооруп жаткан эки жашар кызына коё берүүгө каршы чыкты


Аида Салянова
Аида Салянова

Жогорку Кеңештин депутаты Аида Салянованын соту ал эки жашар кызы ооруп жаткандыктан отурумду башка күнгө которууну өтүнгөнүнө карабастан уланып жатат.

Салянова президенттин иш башкармалыгына караштуу бейтапканадан "эмгекке жарамсыздык кагазын" алып келип көрсөттү. Адвокаты наристеси ооруп жатса ар бир эне тынч отура албасын жүйө келтирип, Салянованын өтүнүчүн канааттандырууну суранды.

Бирок прокурор Нурлан Тагаев "кызы ооруп жатат дегенге ишенбейбиз, себеби бул кагазда анын аты-жөнү, температурасы канча болуп жатканы жазылбаптыр" деди.

Салянова энеге берилген "эмгекке жарамсыздык кагазына" эч убакта баланын аты-жөнү жазылбасын айтты.

Натыйжада сот прокурордун пикирине макул болуп, сотту улантууну чечти.

Өткөн аптада да Салянова кичине кызы ооруп калганына байланыштуу “эмгекке жарамсыздык” баракчасынын негизинде сотко катышпай калганда сот прокурордун талабы менен аны мажбурлап алып келген. Салянова муну сотту тез арада бүтүрүп, өкүм чыгарууга көрүлүп жаткан мыйзамсыз аракеттер деп атаган.

Оппозиционер саясатчы Саляновага 2010-жылы юстиция министринин милдетин аткарып турганда "мурдагы президенттин уулу Максим Бакиевдин өнөктөшү Алексей Елисеевдин адвокаттык лицензиясын мыйзамсыз узарткан жана бул ишти жетиштүү иликтеген эмес" деген айып тагылган.

Ал өзүнө тагылган айыптарды четке кагып, саясий куугунтук деп атап келет. (RK)

XS
SM
MD
LG