Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:35

Атамбаевдин Өзбекстанга сапарын сапаттуу уюштуруу маселеси каралды


Эрлан Абдылдаев жана Комил Рашидов
Эрлан Абдылдаев жана Комил Рашидов

Мамлекет башчы Алмазбек Атамбаевдин Өзбекстанга пландалып жаткан мамлекеттик сапарын сапаттуу уюштуруу маселеси талкууланды. Тышкы иштер министрлигинен кабарлашкандай, бүгүн мекеме башчысы Эрлан Абдылдаев өзбек элчиси Комил Рашидов менен жолугуп, ушул маселени талкуулады.

5-сентябрда Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев Бишкекте эки күндүк мамлекеттик сапар менен болуп, чек ара, экономикалык кызматташтык багытында бир катар документтерге кол коюлган жана ал Алмазбек Атамбаевди Ташкентке чакырган. Кыргыз лидери бул чакырууну кабыл аларын айтып, сапар октябрь айына болжолдонуп жатканы маалым болгон.

Акыркы жолу кыргыз мамлекетинин башчысы өзбек жергесинде 11 жыл мурда болгон. Мурдагы президент Курманбек Бакиев 2006-жылы Ташкентке расмий сапар менен барып келген. (RK)

XS
SM
MD
LG