Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:29

Астанадагы мушташка катышкан индиялыктар өлкөдөн чыгарылат


Астанада курулуп жаткан "Абу-Даби Плаза" деп аталган имарат.
Астанада курулуп жаткан "Абу-Даби Плаза" деп аталган имарат.

Казакстан бийлиги "дисциплинардык" мыйзам бузуулар үчүн индиялык 61 жумушчуну мекенине депортациялоо чечимин кабыл алды. Буга Астанадагы «Абу-Даби Плаза» деп аталган көп кабаттуу имаратты куруп жатышкан жергиликтүүлөр менен индиялык жумушчулардын ортосунда бир апта мурда чыккан калайман мушташ себеп болду.

23 кишиден турган биринчи топ Казакстандан бир күндүн ичинде чыгарылат.

Мушташ 2-сентябрда кечке жуук чет өлкөлүк курулушчулардын жатаканасынын алдында болгон. Ички иштер министрлигинин маалыматына ылайык, Индия жарандары жатаканага кирүү эрежесин сактаган эмес. Тактап айтканда, темир аныктай турган атайын жабдыктан өтүүдөн баш тартышкан жана эрежени сактоону талап кылган күзөтчүнү сабап коюшкан. Күзөтчү болсо башка кесиптештерин жардамга чакырып, ортодо мушташ чыккан.

«Абу-Даби Плаза» көп кабаттуу имаратынын курулушу 2010-жылы башталган. Ушул жылдын соңунда курулушу аяктай турган бул имарат Борбор Азиядагы эң бийик имарат болот деп күтүлүүдө.

XS
SM
MD
LG