Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:25

Украиналык өспүрүм Орусияда террорчулукка айыпталууда


Павел Глеб.
Павел Глеб.

Орусиянын Федералдык коопсуздук кызматына (ФСБ) караштуу документтин"Эркин Европа/Азаттык" радиосуна түшкөн көчүрмөсүндөгү маалыматка ылайык, 24-августта Беларуста дайынсыз жоголгон украиналык өспүрүм Орусияда террорчулукка байланышы бар кылмыштарга шектелип, камакка алынган.

8-сентябрда түшкөн документтин көчүрмөсүнө ылайык, Павел Гриб өлкө түштүгүндөгү Краснодар аймагындагы убактылуу кармоочу жайда камакта экени жазылган.

19 жаштагы Гриб август айында Беларустун Гомель шаарына орусиялык 17 жаштагы ысымы аталбаган кыз менен жолугушууга барган. Игорь Гриб уулунун жоголгону жөнүндө 27-августта кабарлаган.

Кийинчерээк ТСН каналына курган маегинде орусиялык кыз Павелди Белоруска ФСБнин кызматкерлеринин басымы менен чакырганын мойнуна алган. Игорь Гриб уулунун Орусия тараптан куугунтукталышына Павелдин социалдык тармактардагы Москва менен Киев ортосундагы жаңжалга байланыштуу жазгандары шылтоо болду деп эсептейт.

Украинанын Ички иштер министрлиги Павел Грибдин жоголушу тууралуу Орусия менен Беларуска кайрылуу жөнөттү. Украинанын Башкы прокуратурасы бул окуя боюнча кылмыш ишин козгоду.

XS
SM
MD
LG