Линктер

шейшемби, 21-ноябрь, 2017 Бишкек убактысы 08:56

Үчүнчү Дүйнөлүк көчмөндөр оюнун өткөрүүдө кандайдыр бир маселелер жаралбаш үчүн пландуу жана мазмундуу даярдыктарды көрүү зарыл. Бул тууралуу премьер-министр Сапар Исаков 8-сентябрда өкмөттүн жыйынында билдирди. Ал оюнду өткөрүүгө катышуу нитетин билдирген демөөрчүлөр менен иштешүүгө көңүл буруу зарылдыгын айтты.

- Дүйнөлүк көчмөндөр оюнун өткөрүүгө даярдык көрүү максатында өкмөт менен кызматташууга даяр болгон демөөрчүлөр жана компаниялар менен иштешүү жолун жолго коюшубуз керек. Бул кызматташтык эки тарапка тең пайдалуу болгондой болушу зарыл. Биз өлкө бюджетине оорчулук алып келбешибиз керек.

Кыргызстанда биринчи жана үчүнчү Көчмөндөр оюндары 2014-жылы жана 2016-жылы Ысык-Көлдөгү Кырчын жайлоосунда өткөн. Анда негизинен ат оюндары, жаа атуу, куш салуу боюнча мелдештер болуп, дүйнөнүн 40 өлкөсүнөн келген спортчулар катышкан. (КЕ)

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG