Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:30

Премьер-министр Кумтөр кенинин иши менен таанышууда


Өкмөт башчы Сапар Исаков бүгүн Ысык-Көлгө иш сапары менен барды. Сапар алкагында ал "Кумтөр" компаниясынын иши менен таанышып, жумушчулар менен жолугат. Исаковду Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу боюнча мамлекеттик комитеттин мурдагы төрагасы, азыркы вице-премьер-министр Дүйшөнбек Зилалиев коштоп жүрөт. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы кабарлады.

5-сентябрь күнү Жогорку Кеңеште берилген маалымат боюнча, кыргыз өкмөтү эл аралык арбитраж менен Кумтөр кенинин айланасындагы экологиялык соттук териштирүүлөрдү чечип, бир пикирге келүүгө ниеттенүүдө.

Ал эми “Центерра Голд” жаңыдан түзүлгөн Жаратылышты өнүктүрүү фондуна 50 млн доллар которууга жана Кыргызстанда жаңы геологиялык чалгындоого кен иштетүүчү компанияларды түзүү аркылуу жаңы инвестицияларды тартууга даяр экени айтылган. (КЕ)

XS
SM
MD
LG