Бүгүн Бишкекте президенттикке талапкерлер 15-октябрга белгиленген шайлоодо добуш сатып алуу сыяктуу таза эмес технологияларга кашы бирге күрөшүү, ар бир шайлоочунун укугун урматтоо жана шайлоо мыйзамдарын, Конституция нормаларын сактоо боюнча меморандумга кол коюшту.
Ага талапкерлер Арстанбек Абдылдаев, Адахан Мадумаров, Токтайым Үмөталиева, Сооронбай Жээнбеков, Арсланбек Малиев, Таалатбек Масадыков катышты. Муну менен талапкерлер бири биринин ар-намысына, абийирине шек келтирчү жалган маалыматтарды таркатпоо, кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланбоо, саясий оппоненттерге сый жана чыдамкайлык менен мамиле кылуу, башкалардын үгүт материалдарын атайылап жок кылбоо сыяктуу милдеттенмелерди алышты.
Меморандумга кол коюу аземи 11:30га белгиленип, ага талапкерлердин көбү келбегендиктен Токтайым Үмөталиева менен Улукбек Кочкоров кол коюудан баш тартышарын билдиришкен. БШК төрайымы Нуржан Шайлдабекова кол койбогон талапкерлердин аты-жөнүн жарыялоону убада кылды.
Токтайым Үмөталиева меморандум талапкерлердин ортосундагы "жигиттик келишим" экенин белгилеп, анын аягына коомдук байкоочулар да кол коюш керек деген бөлүгүнө каршы чыкты.
Бүгүн талапкерлерди каттоонун акыркы күнү. Буга чейин Борбордук шайлоо комиссиясы 13 кишини каттап, талапкер макамын берген. Алар: Темир Сариев, Өмүрбек Бабанов, Сооронбай Жээнбеков, Бакыт Төрөбаев, Эрнис Зарлыков, Адахан Мадумаров, Азимбек Бекназаров, Токтайым Үмөталиева, Улукбек Кочкоров, Арсланбек Малиев, Таалатбек Масадыков, Камчыбек Ташиев жана Арстанбек Абдылдаев.
Боршайкомго жалпысынан 59 адам кайрылган. Шайлоо 15-октябрда өтөт. Үгүт өнөктүгү 10-сентябрда башталат. (KЕ/KR)