Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Январь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 13:26

Атамбаев АКШ жана Мексика президенттерине көңүл айтты


Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаев Техас жана Флоридадагы бороондон улам каза болгондорго байланыштуу АКШнын лидери Дональд Трампка көңүл айтты. Мамлекет башчынын атынан ушундай эле көңүл айтуу телеграммасы Мексиканын президенти Энрике Пенья Ньетого жолдонду.

“Жаратылыш кырсыгында каза болгондордун жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтуубузду жана жабыркагандардын тез сакайып кетүүсүн каалай турганыбызды жеткирип коюңуз”, - деп белгиленген телеграммада.

Мексиканын Тынч океан жээгинде жайгашкан аймагында 7-сентябрдагы зилзалада өлгөндөрдүн саны 60тан ашты.

Ал эми Ирма бороонунан Кариб аралдарында каза болгондордун саны 22ге жетти. Бул тууралуу Кариб чөлкөмүн көзөмөлдөгөн Өзгөчө кырдаалдар боюнча агенттиги маалымдаган. Кубаттуулугу эң жогорку - бешинчи даражага жеткен бороон АКШнын Флорида штатын көздөй багыт алды. Жергиликтүү бийлик 5,6 млн. тургунду коопсуз жайга чыгып кетүүгө буйрук берди. Бул жалпы калктын төрттөн бир бөлүгүн түзөт. (КЕ)

XS
SM
MD
LG