Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:31

"Кумтөрдү" башкаруу стратегиясы кайра каралат


Бул тууралуу премьер-министр Сапар Исаков Кумтөр кенинин иши менен таанышып чыккан соң журналисттерге билдирди.

- Биз принципиалдуу түрдө "Центерранын" жетекчилиги менен "Кумтөрдүн" азыркы менеджменти кайра карала турганын сүйлөштүк. Бул компанияда кенди башкара турган негизги беш департамент түзүлөт. Беш директордун үчөө ушул жакта көп жылдан бери иштеген, мыкты адис жана Кыргызстандын жарандарынан дайындалат. Биздин максатыбыз – бул кендеги ыктымал болгон коррупциялык элементтерди кыскартуу.

Өкмөт башчы Исаков бүгүн Ысык-Көлгө иш сапары менен барды. Анын алкагында ал "Кумтөр" компаниясынын иши менен таанышты. Исаковду Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу боюнча мамлекеттик комитеттин мурдагы төрагасы, азыркы вице-премьер-министр Дүйшөнбек Зилалиев коштоп жүрөт. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы кабарлады.

5-сентябрь күнү Жогорку Кеңеште берилген маалымат боюнча, кыргыз өкмөтү эл аралык арбитраж менен Кумтөр кенинин айланасындагы экологиялык соттук териштирүүлөрдү чечип, бир пикирге келүүгө ниеттенүүдө.

Ал эми “Центерра Голд” жаңыдан түзүлгөн Жаратылышты өнүктүрүү фондуна 50 млн доллар которууга жана Кыргызстанда жаңы геологиялык чалгындоого кен иштетүүчү компанияларды түзүү аркылуу жаңы инвестицияларды тартууга даяр экени айтылган. (КЕ)

XS
SM
MD
LG