Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:45

“Центерра” экологиялык төлөмдү 10 эсе көбөйтөт


“Кумтөр” боюнча экологиялык төлөм 10 эсе көбөйүп, 3 млн. долларды түзөт. Бул тууралуу бүгүн премьер министр Сапар Исаков Кумтөр кенинин иши менен таанышып чыккан соң журналисттерге билдирди. Анын айтымында, жакынкы күндөрү кыргыз өкмөтү менен “Центерра Голд” компаниясы буга байланыштуу келишимге кол коёт.

- Бул Кумтөр кенинин тегерегиндеги абалды жөнгө салуу боюнча алгачкы биргелешкен кадамдар болуп калат. Биз кесиптештер менен жыл сайын төлөнчү 300 миң доллар экологиялык төлөмдү 10 эсе көбөйтүүнү сүйлөштүк. Бул каражат Ысык-Көл көлүнүн жана облустун экология маселелерин чечүүгө жумшалат.

Мындан сырткары Исаков Рекультивация фондундагы 23 млн. доллар чет мамлекеттин юрисдикциясынан Кыргызстанга которуларын, ал каражат атайын келишим менен рекультивацияга керек болгон учурда өлкөнүн экономикасына иштей турганын айтты.

Кыргызстанда Кумтөр маселеси акыркы алты жылдан бери чечилбей келет. Буга чейин бийликке келген ар бир өкмөт бул маселени чечүүгө убада берип, бирок майнап чыккан эмес.

Бишкек райондор аралык соту Кумтөрдү иштетүүдө айлана-чөйрөнү коргоо эрежелери сакталбады деген доону канааттандырып, канадалык компанияны 7 миллиард сомго жакын айыппул төлөп берүүгө милдеттендирген. Буга жооп катары "Центерра Голд" экологиялык зыян боюнча доону эл аралык арбитраж аркылуу чечүүнү көздөп жатканы кабарланган. (КЕ)

XS
SM
MD
LG