Линктер

бейшемби, 23-ноябрь, 2017 Бишкек убактысы 22:36

Орусиялык журналист Юлия Латынина ата-энеси менен өлкөдөн чыгып кетти. Бул тууралуу ал “Эхо Москвы” радиосуна билдирип, жакын арада кайтып келбей турганын айткан. Журналист менен интервью скайп аркылуу жаздырылып алынып, анын кайсы өлкөдөн сүйлөшүп жатканы айтылган эмес.

Латынинанын өлкөдөн чыгып кетишине анын сентябрдын башында машинасын өрттөп кетишкени себеп болгон. “Дождь” телеканалынын маалыматына караганда, тергөө машинага от үч жактан коюлганын аныктаган. Журналист муну өзүнүн жашоосуна кол салуу боюнча эскертүү деп баалаган.

19-июлда Москвада белгисиз кишилер журналист Юлия Латынина жашаган үйгө газ чачып кетишкен. Андан Латынинадан тышкары жети киши жабыркаган. Юлия Латынинага былтыр августта да белгисиз кишилер заң чачып кетишкен.

Юлия Латынина Орусияда саясий жана экономикалык иликтөөчү катары белгилүү. «Эхо Москвы», «Коммерсантъ» жана «Ежедневный журнал» басылмалары менен кызматташып, орус бийлигин кескин сындап жүрөт.

Орусиядагы Журналисттер союзу Латынинага кол салууну тез арада иликтөө боюнча Башкы прокуратура жана Тергөө комитетине кайрыла турганын 4-сентябрда жарыялаган. (КЕ)

XS
SM
MD
LG