Линктер

жума, 24-ноябрь, 2017 Бишкек убактысы 09:36

Ислам кызматташтыгы уюмунун саммити 10-11-сентябрь күндөрү Казакстан борбору Астанада өтөт. Бул жолу жыйын “Илим, технология, инновация жана Ислам дүйнөсүндөгү модернизация” деген ураандын алдында уюштурулган. Андагы жумушчу сессияларда негизинен төрт тема талкууланат. Алар: “Илимдин өсүшүнүн 21-кылымда коомго тийгизген таасири”, “Илим менен технологиянын туруктуу өнүгүүгө тийгизген таасири”, "Азыркы экономикадагы атаандаштык жана инновация” жана “Илим менен технология жаатында кызматташууну өнүктүрүү”.

Буга чейин Казакстандын тышкы иштер министри Кайрат Абдрахманов Түркия саммит алкагында Мьянмадагы соңку кырдаалды талкуулоо демилгесин көтөргөнүн айткан.

Астанадагы саммитке Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаев барбай турганы белгилүү болгон. Маалыматка караганда, кыргыз делегациясын билим берүү жана илим министри Гүлмира Кудайбердиева жетектеп барат.

Ислам кызматташтык уюму 1969-жылы түзүлгөн. Ага 57 өлкө мүчө. (КЕ)

XS
SM
MD
LG