Линктер

шейшемби, 19-сентябрь, 2017 Бишкек убактысы 23:02

Украина Донбасска эл аралык бейпилдик күчтөрүн жайгаштыруу жөнүндө өзүнүн долбоорунун резолюциясын Бириккен улуттук уюмунун Коопсуздук Кеңешине тапшырды. Украин көз карандысыз агенттиги (УНИАН) президенттик администрация башчысы Константин Елисеевге таянып, Киев БУУга документтин жаңыртылган вариантын жөнөткөнүн кабарлады. Елисеевдин айтымында, Орусия каршы реакция жасагандыктан Украинанын долбооруна БУУдан жооп болгон эмес.

5-сентябрда Орусия президент Владмир Путиндин сунушунан кийин БУУнун Коопсуздук Кеңешине ЕККУнун байкоочулар миссиясынын коопсуздугу, Донбасстагы кырдаалды жөнгө салуу үчүн бейпилдик күчтөрүн жайгаштыруу боюнча сунушун жөнөткөн.

Буга Киев дароо каршылыгын билдирип чыккан. (КЕ)

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

“Азаттык” үналгысы журтташтар арасында жарыялаган онлайн сынак аяктады. Сынакка келген материалдар менен бул жерден таанышсаңыз болот. ​

XS
SM
MD
LG