Кошмо штаттардын Мамлекеттик департаменти келаткан аптанын башында АКШ жана Орусиянын дипломаттары Хельсинкиде жолугарын 9-сентябрда жарыялады. Маалыматка караганда, жолугушуунун максаты - эки өлкөнүн ортосундагы тирешти жайгаруу.
АКШ мамлекеттик катчысынын орун басары Томас Шенон менен Орусиянын тышкы иштер министринин орун басары Сергей Рябковдун жыл башынан берки эки жолку жолугушуусунан майнап чыккан эмес. Бул жолу тараптар тактикалык суроолордон сырткары куралдандырууга көзөмөл жүргүзүү сыяктуу глобалдык маселелерди да сүйлөшөт деп күтүлүүдө.
Тараптар Сирия же Украинадагы жаңжалдарды жөнгө салуу боюнча стратегиялык диалогго барууга гуманитардык-дипломатиялык көйгөйлөр жолтоо болуп жатканын моюндарына алышкан. (КЕ)