Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:29

Ирма ураганы Флориданын жээгине жетти


Ирма ураганынан Маями шаарынын бир бөлүгү суу алдында калды.
Ирма ураганынан Маями шаарынын бир бөлүгү суу алдында калды.

Ылдамдыгы 210 чакырымга жеткен шамал менен коштолгон Ирма бороону АКШнын Флорида штатын көздөй багыт алды. 11-сентябрдын таңында катуу бороон штаттын батыш жээгинде жайгашкан Тампа шаарына жетери күтүлүүдө. Ишембиде бороондун кубаттуулугу эң кооптуу делген бешинчи даражадан үчүнчүгө түшкөн. Бирок Куба аралынан өткөн соң кайра күч алып, төртүнчү даражага жеткенин синоптиктер маалымдашты.

Флориданын губернатору Рик Скотт жээкте отурукташкан беш миллиондон ашуун адамды коопсуз жайларга көчүрүүнү буйруду. Бул штаттын калкынын төрттөн бир бөлүгүн түзөт.

Жекшемби таңда Атлантика океанынан келген Ирма ураганынан улам Маями шаарынын бир бөлүгү суу алдында калды. Жергиликтүүлөр каптаган суунун бийиктиги 60 см ге чейин жеткенин айтышууда.

Ирма бороону Кариб чөлкөмүндө 27 кишинин өмүрүн алганы кабарланды.

XS
SM
MD
LG