Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:30

Албанияда парламент спикери шайланды


Социалисттик партиянын лидери, Албаниянын премьер-министри Эди Рама.
Социалисттик партиянын лидери, Албаниянын премьер-министри Эди Рама.

Албания парламентинин жаңы шайланган 140 мыйзам чыгаруучусу жекшембиде ант беришип, Социалисттик партиянын өкүлү спикерликке шайланды. Депутаттардын сексени Грамоз Ручинин талапкерлигин колдошту.

Оппозициядагы Демократиялык партиянын өкүлдөрү Ручиге каршы добуш беришсе, "Интеграция үчүн социалисттик кыймыл" фракциясынын депутаттары каршылык билдирип, добуш берүүнүн алдында залдан чыгып кетишти.

Социалисттик партия быйыл 25-июнда өткөн шайлоодо парламенттеги 140 орундун 74үнө ээ болгон жана коалиция курбастан, тек партиялуу өкмөт түзүү мүмкүнчүлүгүн алган. Ушул эле партиянын лидери Эди Рама өкмөт башчылыкка көрсөтүлдү. Анын талапкерлигин жана министрлер кабинетин кийинки аптада парламент жактырышы керек.

Албания Евробиримдикке кошулуу мүдөөсүн билдирип келет. Евробиримдиктин лидерлери өлкөнүн жаңы дайындалган жетекчилерин реформаларды өткөрүүнү улантып, коррупцияны түп-тамырынын жок кылууга үндөштү.

XS
SM
MD
LG