Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:34

Столтенберг: Пхеньяндын өзөктүк программасы глобалдык коркунуч жаратууда


НАТОнун баш катчысы Йенс Столтенберг.
НАТОнун баш катчысы Йенс Столтенберг.

НАТОнун баш катчысы Йенс Столтенберг Түндүк Кореянын өзөктүк жана ракеталык программасын "глобалдык коркунуч" деп атады.

10-сентябрда BBCге курган маегинде Столтенберг Пхеньянды өзөктүк программасынан баш тартууга жана мындан ары сыноолорду өткөрбөөгө чакырды.

НАТОнун баш катчысы Түндүк Кореянын жакында жүргүзгөн ракеталык сыноолору Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук кеңешинин бир нече резолюциясын одоно бузуп, дүйнөнүн туруктуулугуна жана тынчтыгына коркунуч жаратып жатканын кошумчалады.

Ал тапта БУУнун баш катчысы Антониу Гуттереш 10-сентябрда басылмалардын бирине курган маегинде Түндүк Кореянын өзөктүк программасы боюнча жаралып жаткан талаш-тартышты "эң терең кризис" деп атады.

Гуттериш да Пхеньянды Коопсуздук Кеңешинин резолюцияларын сыйлоого чакырды.

Өткөн аптада расмий Пхеньян суутек бомбасын сынаганын жарыялаган соң, Кошмо Штаттар Түндүк Кореяга каршы санкцияларды катаалдатууга чакырган. Расмий Вашингтон сунуштаган жаңы резолюциянын долбооруна ылайык, Түндүк Кореянын четке мунай, текстиль, жумушчуларды экспорттоосуна жана башка киреше булактарына бөгөт коюлушу керек. Ошондой эле өкмөт мүчөлөрүнүн жана өлкө лидери Ким Чен Ындын активдердин камакка алуу сунушталган.

Резолюция долбоору 11-сентябрда БУУнун Коопсуздук кеңешинде добушка коюлары күтүлүүдө. Санкцияларды катаалдатууга Орусия жана Кытай каршылыгын билдирүүдө. Орусиянын президенти Владимир Путин санкциялардан, Пхеньянды “бурчка такоодон” майнап чыкпасын, кырдаалды саясий жол менен жөнгөрүү зарылдыгын" айткан.

XS
SM
MD
LG