Линктер

жума, 22-сентябрь, 2017 Бишкек убактысы 05:04

Орусиядагы шайлоого добуш берүүчүлөрдүн 29% гана катышты


Орусиянын президенти Владимир Путин добуш берип жатат.

Жекшемби, 10-сентябрда Орусияда бирдиктүү добуш берүү күнү өттү. Анын жыйынтыгы менен өлкөнүн 16 субъектисинин башчылары аныкталат. Мындан сырткары Москвада 125 райондо жергиликтүү кеңештин депуттары шайланат.

Борбордук шайлоо комиссиясы өлкө боюнча шайлоого добуш берүүгө укуктуу жарандардын 29 пайызы гана катышканын жарыялады. Бул соңку жылдардагы эң төмөн көрсөткүч болуп калды.

Орусиянын Ички иштер министрлиги шайлоо тынч өткөнүн билдирди. Байкоочулар шайлоочуларды акча жана арак менен "сатып алуу" аракеттери болгонун, үкөктөргө бюллетендерди салып жиберүү жана башка мыйзам бузуулар катталганын билдирип жатышты.

БШКнын төрайымы Элла Памфилова билдиргендей, "түз байланыш" аркылуу Москва шаары боюнча 500дөй арыз түштү.

XS
SM
MD
LG