Казакстандын борбору Астана шаарындагы Ислам кызматташтыгы уюмунун эки күндүк саммити 10-сентябрда башталган.
Иш-чарага 14 өлкөнүн лидерлери жана аталган уюмга мүчө өлкөлөрдүн 80ге чукул делегациясы келди. Бул жолу жыйын “Илим, технология, инновация жана ислам дүйнөсүндөгү модернизация” деген ураандын алдында уюштурулду.
Казакстан президенти Нурсултан Назарбаев ислам дүйнөсүндөгү илим жана экономиканы өнүктүрүү үчүн уюмга мүчө 15 алдыңкы мамлекетти “Чоң жыйырма” сыяктуу расмий эмес топ болуп биригүүгө чакырды.
Астанадагы саммитке Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаев барган жок. Кыргызстандын атынан Билим берүү жана илим министрлигинин өкүлдөрү катышууда.
Саммит бүгүн жыйынтыкталат. Иш-чаранын соңунда ислам дүйнөсүндөгү илимий-технологиялык модернизация боюнча Астана декларациясы кабыл алынат. Ислам кызматташтык уюму 1969-жылы түзүлгөн. Ага 57 өлкө мүчө.