Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Январь, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:06

Кыргызстанда миңге жакын жогорку билимдүү дарыгер жетишпейт


Иcа Ахунбаев атындагы Кыргыз медициналык академиясы.
Иcа Ахунбаев атындагы Кыргыз медициналык академиясы.

Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин Адам ресурстары жана иш кагаздары башкармалыгынын бөлүм башчысы Нурида Жусупбекова “Азаттык” радиосуна билдирди. Анын айтымында, өлкөдөгү медициналык жогорку окуу жайларын бюджеттик негизде жылына 400дөй, келишим менен үч миңдей бүтүрүүчү аяктайт.

Кыргызстанда айлыктын аздыгынан алардын көбү Орусия, Казакстан жана башка мамлекеттерге кетип жаткандыктан, айыл жергесинде жана кичи шаарларда дарыгерлердин жетишсиздиги дале курч бойдон калууда:

- Негизинен пенсиядагы жана пенсия курагына жетип калган дарыгерлер эмгектенип жатышат. Өзгөчө үй-бүлөлүк дарыгерлер, анестезиолог, реаниматолог, психиатр, судмедэксперттер, педиатр, неонатологдор таңсык, - деди Нурида Жусупбекова​.

2005-жылдын этегинде айыл-кыштак, кичи шаарларда дарыгерлер жетишсиздигин жоюу максатында “Жаш дарыгердин депозити” программасы иштелип чыккан. Учурда анын алкагында 150 гана дарыгерди үч жылдык келишим менен иштетүү мүмкүнчүлүгү бар. (NT)

XS
SM
MD
LG