Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:39

Ленин райондук соту Салянованын ишин кароону улантат


Аида Салянова сотто.
Аида Салянова сотто.

Бишкек шаарынын Ленин райондук соту бүгүн Жогорку Кеңештеги "Ата Мекен" фракциясынан депутат Аида Салянованын ишин териштирүүнү улантат. Өткөн жумадагы соңку жараян 8-сентябрда өткөн. Ишти карап жаткан судья депутаттын "эки жашар кызым ооруп жатат" деген негизде отурумду башка күнгө которуу өтүнүчүн канааттандырган эмес.

Сотто Салянова президенттин иш башкармалыгына караштуу бейтапканадан "эмгекке жарамсыздык кагазын" алып келип көрсөткөн.

Бирок прокурор Нурлан Тагаев "кагазда анын аты-жөнү, дене табы канча болуп жатканы жазылбаптыр" деп ишти улантууну суранып, сот ага макул болгон, жараян уланган.

Ага чейин Салянова кызы ооруп калганына байланыштуу “эмгекке жарамсыздык” баракчасын жүйө келтирип сотко келбей калган. Сот прокурордун талабы менен аны мажбурлап алып келген. Салянова муну тез арада өкүм чыгаруу аракети деп атаган.

Аида Саляновага 2010-жылы юстиция министринин милдетин аткарып турганда "мурдагы президенттин уулу Максим Бакиевдин өнөктөшү Алексей Елисеевдин адвокаттык лицензиясын мыйзамсыз узарткан жана бул ишти жетиштүү иликтеген эмес" деген айып тагылган.

Ал өзүнө тагылган айыптарды четке кагып, саясий куугунтук деп атап келет. (NT)

XS
SM
MD
LG