Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Январь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:20

Өспүрүм кызды зордуктоого шектелген дарыгер камалды


Чүй облусунун Кемин районуна караштуу Орловка шаарчасындагы оорукананын өспүрүм кызды зордуктоого аракет кылган деген дарыгери тергөө иштери бүткөнгө чейин камалды. Бул тууралуу бүгүн “Азаттык” радиосуна Чүй облустук милициясынын маалымат катчысы Нурбек Токтосунов билдирди:

- Бул боюнча санкция берилип, тергөө иштерин жүргүзүү учурунда Кеминдин Ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына камакка алынды.

Оорукананын 53 жаштагы дарыгери 12 жаштагы бейтап кызды зордуктоого аракет кылган деп шектелүүдө. Факт боюнча Кылмыш кодексинин 133-беренесинин (ыплас аракеттерге баруу) негизинде кылмыш иши козголгон.

Милицияга кыздын энеси 6-сентябрда кайрылган. Анын арызында дарыгер оорукананын палатасында жалгыз калган кызына келип укол сайып кеткендиги, кыймылдай албай калганда зордуктоого аракет кылганы көрсөтүлгөн.

Окуя боюнча Саламаттыкты сактоо министрлиги дагы кызматтык иликтөө жүргүзүүдө. Бул үчүн атайын комиссия түзүлдү.

Башкы прокуратуранын маалыматында, 2016-жылдын ичинде балдарды жана өспүрүмдөрдү зордуктоо факты боюнча 44 кылмыш иши козголгон. (КЕ)

XS
SM
MD
LG