Линктер

шаршемби, 20-сентябрь, 2017 Бишкек убактысы 04:18

Кыргызстан шайлоо системасынын техникалык көзөмөл жагын өз колуна алды. Бул тууралуу бүгүн Коопсуздук кеңешинин жыйынында Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекова билдирди.

Анын айтымында, буга чейин жалпы көзөмөлдү долбоорду ишке ашырууга жардам берген эл аралык адистер жүргүзүп келген. Эми 10 кыргызстандык адис атайын окуудан өтүп, бардык коддорду өз колуна алды.

БШК төрайымы маалымдагандай, шайлоочулардын эң көп саны Бишкек жана Ош шаарларында. Бишкекте 234 шайлоо участогунан тышкары 33 кошумча участок иштейт. Ал эми Ош облусу боюнча 561 участок бар.

Кыргызстанда президенттик шайлоо 15-октябрда өтөт, талапкерлердин саны 13 адам. (SDz)

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

“Азаттык” үналгысы журтташтар арасында жарыялаган онлайн сынак аяктады. Сынакка келген материалдар менен бул жерден таанышсаңыз болот. ​

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG