Президенттик шайлоо күнү добуш берүүнүн алгачкы жыйынтыктары жазылган документтердин көчүрмөсү дароо БШКнын сайтына чыгарылып турат. Бул тууралуу бүгүн Коопсуздук кеңешинин жыйынында Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекова билдирди.
Жыйында шайлоого даярдык маселеси талкууланууда.
Шайлдабекова белгилегендей, бюллетендерди автоматтык эсептөө баракчалары сканерден өткөрүлүп, сайтка чыгарылат.
Президенттик шайлоо 15-октябрда өтөт. 13 талапкер ат салышууда. (SDz)