Кыргызстанда президенттик шайлоонун үгүт өнөктүгү башталды. Бүгүн өз программасы менен дагы бир талапкер, "Өнүгүү Прогресс" партиясынын лидери Бакыт Төрөбаев тааныштырды.
Улуттук филармонияда өткөн жыйында ал шайланып калса мамлекеттик башкаруунун президенттик же парламенттик формасын тандоо, Жогорку Кеңеш депутаттарынын санын 120дан 75ке чейин кыскартуу, балдарга карата сексуалдык зомбулук көрсөткөндөрдү өлүм жазасына тартуу боюнча референдум өткөрөрүн билдирди.
Бүгүн ошондой эле Темир Сариев өзүнүн "Ийгиликке бирге" деп аталган программасы менен Бишкектеги бизнес-борборлордун биринде тааныштырды.
Ал президенттикке шайланса алгачкы 100 күн ичинде укук коргоо жана сот системасындагы реформаны баштоону, бажы, салык жана энергетикадагы коррупциялык схемаларды жок кылуу, ишкерлерди текшерүүгө бир жылдык мораторий жарыялоону убада кылды.
10-сентябрда “Республика” партиясынын лидери Өмүрбек Бабанов Улуттук филармонияда өзүнүн “Алдыга жол” аттуу программасын сунуштаган.
Арстанбек Абдылдаев “Адамзаттын өнүгүү жолу” деген аталыштагы программасын шайлоочуларга келерки аптада тааныштырат.
Токтайым Үмөталиеванын программасы “Жаңылануунун төрт кадамы” деп аталат. Ал жакынкы эки-үч күндө расмий жарыялай турганын “Азаттыкка” билдирди.
Калган талапкерлер программалары тууралуу маалымат таратыша элек.
Буга чейин Борбордук шайлоо комиссиясы 13 адамды каттап, талапкер макамын берген. Алар: Темир Сариев, Өмүрбек Бабанов, Сооронбай Жээнбеков, Бакыт Төрөбаев, Эрнис Зарлыков, Адахан Мадумаров, Азимбек Бекназаров, Токтайым Үмөталиева, Улукбек Кочкоров, Арсланбек Малиев, Таалатбек Масадыков, Камчыбек Ташиев жана Арстанбек Абдылдаев.
Кыргызстанда президенттик шайлоо 15-октябрда өтөт. (BkA)