Линктер

дүйшөмбү, 25-сентябрь, 2017 Бишкек убактысы 17:54

"Кайра жаралуу" төртилтик партиясын түзүү аракети токтотулду. Бул тууралуу бүгүн "Азаттык" радиосунун суроолоруна жооп берип жатып “Өнүгүү-Прогресс" партиясынын лидери Бакыт Төрөбаев билдирди.

Ал партиянын курултайы өтпөй турганын, бирдиктүү талапкер чыгаруу аракети да токтогонун айтты жана "Өнүгүү-Прогресс" партиясы төртилтик келишиминин талаптарын толук аткарганын белгилеп, жакын арада бул маселе боюнча өз позициясын билдирерин кошумчалады.

"Өнүгүү-Прогресс", “Ата-Журт” жана “Бүтүн Кыргызстан” саясий партияларынын лидерлери Бакыт Төрөбаев, Камчыбек Ташиев, Акматбек Келдибеков жана Адахан Мадумаров “Кайра жаралуу” саясий партиясын түзгөнүн жакында жарыялашкан. Ага чейин алар президенттик шайлоодо бийликтин талапкерине альтернатива катары өзүнүн бирдиктүү талапкерин алып чыгарын билдиришкен. Анын аты бүгүн жарыяланмак.

Камчыбек Ташиев КСДПнын талапкери Сооронбай Жээнбековду колдой турганын бүгүн "Азаттык" радиосуна "Ата Журт" партиясынын басма сөз катчысы Нургазы Анаркулов билдирди.

Шайлоо 15-октябрда өтөт. (BkA)

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG