Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:48

Келдибеков Жээнбековду колдоду деген маалымат төгүндөлдү


Акматбек Келдибеков
Акматбек Келдибеков

Акматбек Келдибеков Сооронбай Жээнбековдун талапкерлигин колдойт деген сөз чындыкка дал келбейт. Бул тууралуу бүгүн "Азаттык" радиосуна Келдибековдун кеңешчиси Шайырбек Маматокторов билдирди.

Анын айтымында, азыр Келдибеков өзүнүн талапкерлигин каттоодон баш тарткан Боршайком маселеси менен алек болууда.

Быйыл 15-октябрда Кыргызстанда президенттик шайлоо өтөт. Анын алдында биригип, өзүнүн бирдиктүү талапкерин алып чыгуу ниетин "Өнүгүү-Прогресс", “Ата-Журт” жана “Бүтүн Кыргызстан” саясий партияларынын лидерлери Бакыт Төрөбаев, Камчыбек Ташиев, Акматбек Келдибеков жана Адахан Мадумаров билдиришкен.

Алар "Кайра жаралуу" төртилтик партиясын түзүшкөн жана бүгүн, 11-сентябрда бирдиктүү талапкердин атын атамай болушкан.

Камчыбек Ташиев КСДПнын талапкери Сооронбай Жээнбековду колдой турганын бүгүн "Азаттык" радиосуна "Ата Журт" партиясынын басма сөз катчысы Нургазы Анаркулов билдирди. Ошону менен катар аны Акматбек Келдибеков да колдоп жатканы тууралуу сөздөр тараган. (BkA)

XS
SM
MD
LG