Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:30

Түндүк Корея АКШга "эскертүү берүүдө"


Түндүк Корея лидери Ким Чен Ын Пхеньяндагы салтанатта. 10-сентябрь, 2017-жыл.
Түндүк Корея лидери Ким Чен Ын Пхеньяндагы салтанатта. 10-сентябрь, 2017-жыл.

Пхеньян бийликтеринин 11-сентябрдагы билдирүүсүнө караганда, АКШ эгер БУУнун Коопсуздук кеңешинде Түндүк Кореяга каршы катаал санкцияны өткөрүүгө жетишсе “чоң запкы” тартат.

Түндүк Кореянын Тышкы иштер министрлигинин 11-сентябрдагы билдирүүсүндө белгиленгендей, алар АКШга каршы өзүнүн “акыркы каражаттарын кандай формада болбосун колдонууга даяр жана дилгир”.

БУУнун Коопсуздук кеңеши АКШнын Түндүк Кореяга каршы жаңы санкцияларды 11-сентябрда добушка салуу боюнча өтүнүчүн жактырды.

АКШ расмийлери 10-сентябрдын кечинде Коопсуздук кеңешинин мүчөлөрүнө санкциялар боюнча жаңы сунуштарды таратышты.

Анын чоо-жайы азырынча белгисиз, бирок алгачкы сунуштардан бир аз жумшартылганы кабарланууда.

БУУнун Коопсуздук кеңешине долбоорун АКШ мурда киргизген санкцияга ылайык, Түндүк Кореянын четке мунай, текстиль жана жумушчуларды экспорттоосуна жана башка киреше булактарына бөгөт коюлушу керек болчу.

Ал долбоордо ошондой эле Түндүк Кореянын улуттук Air Koryo авиакомпаниясынын активдерин тоңдуруу да сунушталган. Бул авиакомпания Кытайдын борбору Бээжин баш болгон бир катар шаарларына, Орусиянын Владивостогуна учат.

Пхеньянга каршы жаңы санкция анын өткөн аптадагы өзөктүк сыноосуна жооп чара катары сунушталууда. Жаңы санкцияны Орусия менен Кытай колдоор-колдобосу азырынча анык эмес.

Орус президенти Владимир Путин өткөн аптада Түндүк Кореяга каршы катаал санкция киргизилүүсүнө каршы чыккан болчу. (UE)

XS
SM
MD
LG