Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:16

Саакашвилинин Украинага келишине байланыштуу кылмыш иши козголду


Михаил Саакашвилинин жактоочулары Польша-Украина чек арасында украин чек арачыларынын тосмосун бузуп кирип жаткан учур. 10-сентябрь, 2017-жыл.
Михаил Саакашвилинин жактоочулары Польша-Украина чек арасында украин чек арачыларынын тосмосун бузуп кирип жаткан учур. 10-сентябрь, 2017-жыл.

Грузиянын мурдагы президенти, Украинанын Одесса облусунун мурдагы губернатору Польшадан Украина аймагына кечээ кирген эле.

Ал өз жактоочулары менен украин чек арачыларынын тосмосун бузуп өткөн.

Украин башкы прокурору Юрий Луценконун бүгүн билдиргенине караганда, кылмыш иши Саакашвилинин Украина аймагына мыйзамсыз киришин уюштургандарга каршы козголууда.

Украин премьер-министри Володимир Гройсман чек ара бекетиндеги окуяны Украинанын мамлекеттүүлүгүнө каршы “чабуул” деп сыпаттады.

Саакашвили өзү ал БУУнун Качкындар иши боюнча комиссарлыгы тарабынан “жарандыгы” жок адам катары таанылганын жана украин бийликтеринин аны жарандыктан ажыратуу чечимин сотто талаша турганын билдирүүдө.

Украин президенти Петро Порошенко Саакашвилини украин жарандыгынан июль айында ажыраткан болчу.

Ал эми грузин жарандыгын мурдагы президент 2015-жылы украин бийликтеринин Одесса облусунун губернатору болуу сунушун кабыл алганда жоготкон.

Бул кызматтан болсо Саакашвили былтыр ноябрда реформаларына тоскоолдук жасалып жатканын айтуу менен чегинген.

Саакашвилиде Украинада чек арадан мыйзамсыз өттү деген жүйө менен камакка алынуудан мурун Грузияга экстрадициялануу тобокелчилиги да бар.

Грузияда өзүнө каршы козголгон кылмыш иштерин мурдагы президент саясий жүйөлөр менен байланыштырат. (UE)

XS
SM
MD
LG