Чүйдө сегиз жаштагы кызды зордуктоого аракет кылды деген шек менен Аламүдүн районунун 66 жаштагы тургуну кармалды.
Облустук милициянын маалымат катчысы Нурбек Токтосуновдун "Азаттык" радиосуна кабарлашынча, милицияга анын ата-энеси кайрылып, окуя 9-сентябрда болгонун айтып беришкен:
- Кызды чакырып алып өөп, тийишиптир, чара көргүлө деп кайрылышты.
Окуяга байланыштуу Кылмыш кодексинин 130-беренесинин (сексуалдык мүнөздөгү зомбулук аракет) негизинде иш козголду. Кылмышка шектүү жаран камакка алынды.