Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:22

АКШда бүгүн 11 -сентябрь окуяларын эскеришет


Нью-Йорктогу бул түнкү шоола да 2001-жылдын 11-сентябрындагы террактын курмандыктарын эскерүү үчүн берилүүдө. 10-сентябрь, 2017-жыл.
Нью-Йорктогу бул түнкү шоола да 2001-жылдын 11-сентябрындагы террактын курмандыктарын эскерүү үчүн берилүүдө. 10-сентябрь, 2017-жыл.

Ак үйдүн билдиргенине караганда, президент Дональд Трамп жана анын жубайы Меланиа Трамп Ак үйдөгү жана Пентагондогу эскерүү жөрөлгөсүнө катышмакчы.

Ал эми вице-президент Майк Пенс Пенсильвания штатындагы эскерүү иш-чарасына барат.

2001-жылдын 11-сентябрындагы террордук чабуулдардын 16-жылдыгын утурлай президент Трамп 8-10-сентябрды “Дуба кылуу жана эскерүү күндөрү”, ал эми 11-сентябрды “Патриот күнү” деп жарыялаган.

2001-жылдын 11-сентябрында “ал-Каида” террордук уюмунун адамдары карактаган учактардын экөө Нью-Йорктогу дүйнөлүк соода борбордун кош мунарасын сүзүшүнөн, дагы эки учактын бири Пентагондун аймагына, экинчиси Пенсильвания штатында кыйроосунан 3000дей кишинин өмүрү кыйылган.

Бул окуя АКШ Ооганстанда “ал-Каидага” жана "Талибан" кыймылына каршы антитеррордук операция баштоосуна алып барган. (UE)

XS
SM
MD
LG