Бийликти күч менен басып алууга аракет жасаган деген айып менен соттолгон саясатчылар тобунун Бишкек шаардык сотундагы жараяны кийинки аптада уланмай болду.
Бүгүнкүгө пландалган отурум адвокаттардын бири катыша албай калганына байланыштуу өткөн жок.
Биринчи Май райондук соту быйыл 17-апрелдеги өкүмү менен Эрнест Карыбековду 20 жылга, Кубанычбек Кадыров менен Бектур Асановду 12 жылга эркинен ажыраткан, Дастан Сарыгуловду төрт жылга шарттуу кескен. Адвокаттар апелляциялык арыз менен шаардык сотко кайрылган.
Ден соолугуна байланыштуу үй камагына чгарылган Сарыгуловдон башкасынын баары былтыртан бери УКМКнын тергөө абагында кармалууда.
Соттолуучулар өздөрү жана айрым жарандык активисттер алар саясий негизде камакка алынганын, далили жок соттолгонун белгилеп келишет.
Сот башынан бери жабык өтүп келатат. (RK)