Бүгүнкү кол салуу үчүн “Ислам мамлекети” тобу жоопкерчилик алды.
Бийликтердин айтымында, алар колго жасалган бомбаны полицейлер бара жаткан автокербендин жолунда жардырышкан.
Жардыруудан кийинки атышууда кол салгандар тез жардам кызматынын төрт кишисин да жарадар кылышкан.
Окуя Газа сектору менен чектеш Синай жарым аралынын түндүк бөлүгүндө болду.
Армия 2013-жылы мурдагы исламчыл президент Мухаммад Мурсини бийликтен кулаткандан бери “Ислам мамлекети” тобунун согушкерлери бул аймакта Египеттин жүздөгөн жоокерлери менен полицейлерин мерт кылды.
Быйыл июлда эле Синайдын түндүгүндө жанкечтилер эки аскерий бекетти жардырыганда 23 жоокердин өмүрү кыйылган. (UE)