Расмий өкүлдөрдүн айтымында, алардын арасынан экөө аскерлер, үч киши жайкын тургундар. Бомбага шыкалган унаа НАТО аскерлеринин кербенин бутага алган.
Окуя АКШнын Ооганстандагы эң ири аскерий базасы – Баграмдын жанында болду.
Жанкечтинин чабуулу үчүн "Талибан" жоопкерчилик алды. Кол салуу 2001-жылдын 11-сентябрындагы террордук чабуулдун 16-жылдыгына тушташ жасалды.
Бул террордук чабуул АКШнын Ооганстанда “ал-Каида” менен "Талибанга" каршы антитеррордук операция баштоосуна алып барган. (UE)