Линктер

дүйшөмбү, 20-ноябрь, 2017 Бишкек убактысы 14:12

Жалал-Абадда 7-каналдын кызматкерлери сабалды


7-каналдын кызматкерлери 9-сентябрда Кочкор-Ата шаарындагы коомдук тамактануучу жайлардын биринде токмоктолгонун айтып милицияга кайрылышкан.

Облустук ички иштер башкармалыгынан “Азаттык” радиосуна билдиришкендей, журналисттер аталган коомдук тамактануучу жайдын санитардык абалын чагылдыруу максатында видеого тартып жаткан учурда топтолгон балдар камераларга асылган. Натыйжада эки камера талкаланып, эки оператор таяк жеген.

Учурда окуянын чоо-жайын Ноокен райондук милициясы териштирип жатат.

Кочкор-Ата шаарындагы коомдук тамактануучу жайдын ээлери да журналисттер "менчик жайга уруксатсыз кирип, видео тартты" деген жүйө менен милицияга арыз жазышкан.

7-каналдын жетекчилиги бул тамактануучу жай өкмөттүн облустагы өкүлүнүн туугандарына тиешелүү деп билдиришүүдө. Облустук бийлик азырынча комментарий бере элек. (RsK)

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG