Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:26

Кыргызстанда оң рулдуу таксини тыюу салууга каршы кол топтолууда


Бишкектеги автобазар.
Бишкектеги автобазар.

Петиция change.org сайтында жарыяланды. Жол коопсуздугу боюнча жарандык активисттер иштеп чыккан петицияда кырсыктарга жол эрежелерин бузуу себеп болуп жатканы жана ал рулдун оң же сол жакта жайгашканынан көз каранды эместиги жазылган.

Буга чейин Ички иштер министрлиги “Автомобиль транспорту” жана “Администрациялык жоопкерчилик жөнүндөгү” мыйзам долбооруна сунушталган өзгөртүүлөрдү коомдук талкууга койгон.

Анда оң рулдуу автоунааларды коммерциялык багытта колдонууну чектөө камтылган.

2015-жылы Кыргызстанга оң рулдуу машинелерди алып кирүүгө тыюу салынган. Ошол кезде оң рулдуу автоунаалар менен жүргүнчү ташууга тыюу салуу аракети ишке ашкан эмес, катуу каршылыктарга кабылган. (NT)

XS
SM
MD
LG