Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 13:25

БУУ рохинжаларды дискринимациялоону токтотууга чакырды 


Мьянмадагы качкындар. 7-сентябрь, 2017-жыл.
Мьянмадагы качкындар. 7-сентябрь, 2017-жыл.

Бириккен Улуттар Уюму Мьянманын мусулман-рохинжаларга каршы аракеттерин кескин айыптады. Бийликтин аракети этникалык тазалоо катары көрүнүп жатканын 11-сентябрда Женевада БУУнун адам укуктары боюнча жогорку комиссары Зейд Раад аль-Хусейн жарыялады. Ал Мьянма бийлигин рохинжалар жашаган райондо "катаал аскердик операцияларды", этникалык азчылыкты дискринимациялоону токтотууга, окуяга күнөөлүүлөрдү жоопко тартууга чакырды.

Калкынын басымдуу бөлүгүн буддисттер түзгөн Мьянманын Ракхайн штатындагы кыянатчылыктардан улам ал жерде жашаган рохинжа мусулмандарынын Бангладешке качуусу 25-августта башталган.

Мьянманын өкмөтү кыянатчылыктардын тутанышы үчүн рохинжа мусулмандарынан чыккан козголоңчуларды күнөөлөп, алар полиция бекеттери менен аскерий базага чабуул жасаганын жүйө келтирди.

Мьянмандагы соңку окуялардан улам мусулман өлкөлөрү менен жамааттарынан буга чейин ал жердеги кыянатчылыктарды айыптаган сөздөр айтылган.

Түркия жана Иран бийликтери бул маселени ушул айда БУУнун Башкы ассамблеясынын жыйынында көтөрөрүн билдиришкен.

XS
SM
MD
LG