Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Декабрь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 08:31

Amnesty International Орусиядан Чийгозду бошотууну талап кылды


Ахтем Чийгоз.
Ахтем Чийгоз.

Amnesty International укук коргоо уюму Орусиядан мыйзамсыз соттолгон крым-татар элдеринин мажилисинин төрагасынын орун басары Ахтем Чийгозду токтоосуз бошотууну талап кылды. Бул тууралуу аталган уюмдун Киевдеги өкүлчүлүгү кабарлады. 

Орусия аннесиялап алган Крымдын Жогорку соту 11-сентябрда Чийгозду 8 жылга эркинен ажыраткан.  

- Чийгозго карата адилетсиз сот жараяны крым-татар коомчулугунун өкүлдөрүнө каршы бурмаланган, жалган кылмыш жана администрациялык иштердин жогорку чеги, – деп билдирди Amnesty International уюмунун Украинадагы өкүлчүлүгүнүн жетекчиси Оксана Покальчук.

52 жаштагы Чийгоз 2014-жылы февраль айында Симферополдо мыйзамсыз нааразылык акциясын уюштурду деп айыпталып, 2015-жылдын башынан бери камакта жатат. Жактоочулар нааразылык акциясы Крымдын аннексиясына чейин уюштурулганын, ал мезгилде Украинанын бир дагы мыйзамы бузулбаганын билдиришүүдө.

 

 

XS
SM
MD
LG