Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:00

Саакашвили украин полициясын паспорт уурдады деп айыптады


Михаил Саакашвили Львовдогу маалымат жыйынында. 11-сентябрь, 2017-жыл.
Михаил Саакашвили Львовдогу маалымат жыйынында. 11-сентябрь, 2017-жыл.

Грузиянын экс-президенти, Украинанын Одесса облусунун мурдагы губернатору Михаил Саакашвили 11-сентябрда Львовдо маалымат жыйын курду. Польшадан Украина чек арасына өткөндөн кийин паспортун жоготконун, автобуста калган документин полиция алып койгонун айтты.

Саакашвилинин басма сөз катчысы Дарья Чиж укук коргоо органдары автобусту өткөрбөй кармап калышканын маалымдады.

Михаил Саакашвилини украин тарапташтары күч түзүмдөрүнүн курчоосуна карабай, 10-сентябрда Украинанын аймагына өткөрүп кетишкен. Украинанын Ички иштер министрлиги Саакашвилинин өлкөгө келишине байланыштуу "чек арадан мыйзамсыз өтүү" деген негизде кылмыш ишин козгоду.

Саакашвили өзү БУУнун Качкындар иши боюнча комиссарлыгы тарабынан “жарандыгы” жок адам катары таанылганын жана украин бийлигинин аны жарандыктан ажыратуу чечимин сотто талаша турганын билдирүүдө.

Украин президенти Петро Порошенко Саакашвилини украин жарандыгынан быйыл июлда ажыраткан болчу.

Ал грузин жарандыгын 2015-жылы Украинанын Одесса облусунун губернатору болуу сунушун кабыл алганда жоготкон.

Грузияда Саакашвилиге 2007-жылдагы оппозициянын митингин таркатуу чечимин кабыл алуу менен кызматынан кыянат пайдаланган, "Имеди" телекомпаниясын мыйзамсыз жапкан жана бюджеттик каражатты өз кызыкчылыгына жумшаган деген айыптар тагылган. Саакашвили муну "саясий куугунтук" деп баалап келет.

XS
SM
MD
LG