Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:16

Ысык-Көлдө быйыл жайкысын 17 адам жол кырсыгынан каза тапты


Турист көп келген Ысык-Көл районунда жайкы эс алуу сезонунда жол кырсыктары дале азайбай жатат. "Азаттык" радиосуна райондук прокуратурадан кабарлашкандай, быйыл жайында 70 жол кырсыгы катталып, 17 киши каза тапты. Дагы 122 адам ар кандай оордуктагы жараат алышты.

Тергөө алдындагы текшерүүнүн жыйынтыгы менен төрт факт боюнча кылмыш иш козголгон. Кайгуул кызматы машинаны мас болуп айдаган 107 адамды кармаган.

ИИМдин маалыматына караганда, былтыр туристтик сезон маалында жалпы Бишкек-Каракол унаа жолунда 322 жол кырсыгы катталып, 52 адамдын өмүрү кыйылган.(AsM)

XS
SM
MD
LG