Бул жыл башынан берки жети ай ичинде сыртта жүргөн кыргызстандыктар жиберген акчанын көлөмү деп маалымдайт Улуттук банк. Анын 1 млрд 294 млн доллары Орусиядан которулган.
Маалыматка ылайык, июль айында 229 млн доллар которулган. Бул июндагы көрсөткүчкө караганда 10 млн долларга аз.
Жыл башынан берки жети айда Кыргызстандан чет мамлекеттерге 229,2 млн доллар которулган.
Улуттук банктын маалыматына караганда, өткөн жылы чет мамлекеттердеги кыргызстандык эмгек мигранттары 1 миллиард 991 миллион доллар которгон. 2015-жылы алардан келген акча 1 миллиард 168 миллион долларды түзгөн.
Дүйнөлүк банк буга чейин чет жактагы мигранттардан келген каражат Кыргызстандын ички дүң продукциясынын 30 пайызга жакын бөлүгүн түзөрүн билдирген.(ZKo)